
Кечээ, 22-апрелде Кытайдын Санья шаарында VI Азия пляждык оюндары старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылыш аземинде ар бир мамлекеттин курамасы параддан өтүп, Кыргыз мамлекеттик туусун жеңил атлет Тимур Исаков көтөрүп чыккан.
Пляждык оюндарга 45 өлкөнүн спортчулары катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өтөт. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортчу спорттун 9 түрүнөн катышат. Оюндар 30-апрелге чейин уланат.