Биз социалдык тармакта

Гүлназ Чыныбек кызы африкалык балдардын мектебине барды (видео)

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Руандада Moriox Kids тобундагы балдардын мектебине барды. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүп, видеосун жарыялады.

Анда мектептин чатыры эскирип, оңдоого муктаж абалда болгон. Эскилиги жеткен тар бөлмөлөрдө 50гө жакын окуучу билим алып жатканын көрүүгө болот.

"Мен такыр башкача элестеткен экенмин...",- деп билдирүү калтырган ырчы. Ошондой эле ырчы айым мектептин шарты начар болгонуна карабастан, балдар билим алууга умтулуп жатышканын баса белгилеген.

Буга чейин Гүлназ Чыныбек кызы Руанда өлкөсүндө Moriox Kids тобу менен биргеликте "Сүйүү тараталы" чыгармасын жаратып, клип тартуу иштери жүрүп жатканын билдирген.

Гүлназ Чыныбек кызы африкалык балдардын мектебине барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан