Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында синтетикалык баңгизаттарды кыстырма коюу (закладка) менен таратып жүргөн 2001-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган.
Ошондой эле тинтүү учурунда жанынан 19 даана таңгакталган "спайс" синтетикалык баңгизаты табылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.