
Кыргыз мушкери
Мунарбек Сейитбек уулу Бразилиянын Фош-ду-Игуасу шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогун жеңиш менен баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, беттешти ал 60 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалдык баскычтан баштап, Армениянын өкүлү Артур Базеянг менен беттешип, калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңишке жеткен.
Натыйжада Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты. Кийинки айлампада ал Канаданын өкүлү Кеома Аль-Ахмадиех менен күч сынашат.