Бишкек шаардык милициясы жоголуп кеткен 5 жаштагы бала табылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 22-апрелде болжол менен саат 16:30 чамасында табылган. Бала өзүнүн жашаган дарегин да, ата-энесинин байланыш номурларын да айта алган эмес.
Көрүлгөн ыкчам чаралардын негизинде ата-энеси табылып, бала аман-эсен үй-бүлөсүнө тапшырылды.