
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында бир катар авиакомпаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу 23-апрелде мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жана "Avia Traffic Company", "TEZJET", "Аэро Номад Эйрлайнс", "Sky FRU", "Асман Эйрлайнс" авиакомпанияларынын өкүлдөрү катышты.
Анда ички авиакаттамдардын баасын түзүү маселелери каралган.
Авиабилеттердин тарифтик түзүмү, алардын экономикалык негиздүүлүгү, авиакеросиндин баасынын таасири жана билеттерди сатууда колдонулган агенттик үстөк акылар талкууланды. Мунун негизинде, Бишкек–Ош–Бишкек багыты боюнча баалар 8820 сомдон 7600 сомго чейин төмөндөтүлдү. Ошондой эле, кызмат тарабынан авиакомпанияларга баа боюнча макулдашуу түзүү сунушталган. Мыйзам бузуу аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.