Биз социалдык тармакта

Депутат бийик тоолуу аймактардагы элдин көйгөйүн айтты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков парламенттин 23-апрелдеги жыйынында бийик тоолуу аймактар категориясына кирбей калган айылдардын көйгөйүн көтөрдү.

Ал билдиргендей, Таластын Көпүрө-Базар, Ак-Коргон айылдары бул тизмеге кирбей калган. Анын себеби катары айылдар бийик тоолуу аймактардын критерийлерине жооп бербегени менен түшүндүрүлгөн.

"Жетинчи чакырылышта депутаттар менен комиссия түзүп, бийик тоолуу аймактар боюнча тыкыр иш алып бардык эле. Деңиз деңгээлинен 1800 метр өйдө жайгашкан айылдардын баары тизмеге кирет деген чечим менен токтом бекитип бергенбиз. Тилекке каршы, Министрлер кабинетинин 2025-жылдын октябрындагы токтому менен кайра өзгөртүү киргизип коюптур",- деди депутат.

Эл өкүлү кошумчалагандай, деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогору жайгашкан айылдар бийик тоолуу аймактардын тизмесине кошулары мыйзамда белгиленген.

"Бул боюнча дыкат иш алып барсак. Себеби 31 айыл кирген. Бул айылдардагы элибиз күтүүдө. Пенсияга чыга албай жатышат", - деп кошумчалады депутат.

Депутат бийик тоолуу аймактагы элдик көйгөйүн айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан