Апрель айында Бишкек шаарындагы 104 жеке мектептин ичинен 45 мектептин окуу төлөмүнө мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айрым жеке мектептерде окуу төлөмү жылына 570 миң сомдон 1 миллион 340 миң сомго чейин жетет. Ал эми башка жеке мектептерде бул көрсөткүч 40 миң сомдон 150 миң сомго чейин. Бул көрсөткүчтөр Бишкектеги жогорку окуу жайлар менен салыштырылган. Алсак, алдыңкы университеттерде окуу төлөм орто эсеп менен 107 миң сомдон 152 миң сомго чейин жетсе, алдыңкы жеке менчик мектептерде бул көрсөткүч 313 миң сомдон 580 миң сомго чейин болот.
Аталган кызмат буга байланыштуу Агартуу министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына бир топ чаралар сунушталганын кошумчалады. Алар: