Биз социалдык тармакта

Бишкекте клубда уурулук кылууга шектелген жаран кармалды

Бишкекте 27 жаштагы жаран компьютердик клубда телефон уурулук кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, клубда ал бирөөнүн кубаттоого коюп кеткен iPhone 14 Pro үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткен. Келтирилген материалдык зыяндын суммасы 130 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар экендиги аныкталууда.

Бишкекте клбуда уурулук кылууга шектелген жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан