Биз социалдык тармакта

Ошто "жалган" милиция кызматкери кармалды

Ош шаарында өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу 23-апрелде шаар милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Орусиянын номеринде катталган ДЭУ Матиз жана Шкода Октавия үлгүсүндөгү унааларды кыргыз номерине өткөрүп берем деген шылтоо менен 2 жарандан жалпы 88 миң сом акча каражатын алган. Бирок убадасын аткарган эмес.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1997-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.

Анын милиция кызматына эч кандай тиешеси жок болгон. Азыркы учурда башка алдамчылык фактыларын аныктоо максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан