“Номад ТВ” телеканалынын жетекчиси Наталья Кролевич Кыргызстанда бүгүнкү күндө эң көп суроо-талапка ээ болгон блогерлер — салттуу баалуулуктарды чагылдырган контент жараткан авторлор экенин билдирди. Бул тууралуу ал эл аралык “Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы” аттуу коомдук-ишкердик форумунун алкагында өткөн иш-чарада айтты.
Анын айтымында, өлкөдө орус тилине болгон кызыгуу да жогору бойдон калууда. Кролевич белгилегендей, жаштардын болжол менен 80 пайызы кыргыз тилин өз эне тили деп эсептейт. Ошол эле учурда орус тили шаардык байланышта, жогорку билим берүүдө жана илимде кеңири колдонулат.
“Кыргызстандагы жаштар көбүнчө тилдердин аралаш түрүндө сүйлөшөт. Биз контент түзүүдө ушул өзгөчөлүктү эске алабыз”, — деди ал медиа ролуна арналган сессияда.
Форумдун жүрүшүндө медиа өкүлдөрү коомду бириктирүү, маданий баалуулуктарды сактоо жана жалпы гуманитардык мейкиндикти өнүктүрүү темаларын талкуулашты. Бул талкууга ар кайсы өлкөлөрдөн келген медиа жана коомдук ишмерлер катышты.
Форум “Евразия” аттуу автономдуу коммерциялык эмес уюмдун түзүлгөнүнүн эки жылдыгына арналды жан Орусиядагы Улуттук борбордо өттү. Иш-чарага 800дөн ашуун адам — ар кайсы өлкөлөрдүн министрлери, бизнес өкүлдөрү, маданият, билим берүү жана медиа тармагынын адистери катышты. Катышуучулар арасында Кыргызстан менен катар Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Африка өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да болду.
Форумда ошондой эле медиа, маданият жана эл аралык кызматташтык темаларына арналган бир катар сессиялар өттү. Алардын максаты — мамлекеттер ортосундагы байланыштарды бекемдөө, маданий өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү жана жалпы тарыхый баалуулуктарды сактоо болуп саналат.
Маалымат үчүн: “Евразия” уюму эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырат. Анын негизги максаты — ар кайсы өлкөлөрдүн элдерин бириктирип, маданий баалуулуктарды сактоо болуп саналат.