Биз социалдык тармакта

Камчы Көлбаевдин тобуна таандык... Чүйдө курал-жарак сакталган жашыруун жай табылды

Чүйдүн Москва районунда курал-жарактар, ок-дарылар жана атайын каражаттар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат курал-жарактар маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев жетектеген топтун мүчөлөрүнө таандык экенин маалымдады. Жашыруун жай Беловодское айылындагы Крепостное көлмөсүнүн каршысында жайгашкан аймактан табылган.

"Келип чыгышы аныкталбаган 2 ок атуучу курал, 1 колго жасалган курал, 3 граната, ар түрдүү калибрдеги 177 гильза жана ок-дарылар, ар кандай куралдарга тиешелүү 9 магазин, Motorola үлгүсүндөгү 3 радиостанция, ошондой эле башка предметтер жана атайын каражаттар алынган",- деп айтылат маалыматта.

УКМК учурда аталган жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды жана анын кандай максатта даярдалганын аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан