
Аламүдүн районунда 52 жаштагы жаран баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн Константиновка айылындагы үйүнөн жалпы салмагы 2,513 килограмм кургатылган марихуана табылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максаты жок мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, 52 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда окуянын бардык жагдайларын жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоо иштери жүрүүдө.