Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө талапка жооп бербеген асфальт сыйрылды (видео)

Ысык-Көлдүн Ак-Дөбө айылындагы талапка жооп бербеген асфальт буздурулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган айыл тургундарынан министрликке кайрылуу келип түшкөн. Анда асфальттын сапаты начар экени айтылган.
"Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан аталган объектке ыкчам текшерүү жүргүзүлдү. Жолдун жалпы узундугу 2,2 чакырымды түзөт. Учурда бир чакырым жолдун бир тарабына асфальт төшөлгөн. Бирок жолдун сапаты жана калыңдыгы талаптарга жооп бербегендиктен, 200 метр жол буздурулду",- деген министрлик.
Ысык-Көлдө талапка жооп бербеген асфальт буздурулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан