Жогорку Кеңеште бийик тоолуу аймактарда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин пенсиясын жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды.
Маалыматка ылайык, демилге “Ишеним” депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев баштаган депутаттар тарабынан көтөрүлүп, анын негизги максаты – аскерлердин социалдык абалын жакшыртуу жана алардын эмгегин татыктуу баалоо.
Сунушка ылайык, деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогору аймактарда 10 жылдан ашык кызмат өтөгөндөргө өзгөчө шарт каралат. Алар үчүн кызмат учурундагы райондук коэффициенттер жана кошумча төлөмдөр пенсия эсептегенде да сакталат.
Жыйынга Коргоо, Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, демилгени колдошту. Алар бийик тоолуу шартта кызмат өтөө оор экенин белгилеп, мындай өзгөрүү аскерлер үчүн маанилүү кадам болорун айтышты.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорун дагы өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылып, бардык тараптардын пикири эске алынары белгиленди.