Бүгүн, 23-апрелде Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Рамиз Алиев Албаниянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Блерт Кадзадеж менен жолукту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Бишкек шаары менен Албаниянын борбору Тирана ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар шаарлар аралык байланыштарды түзүү жана өнөктөштүктү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту.
Мэрия өкүлү Бишкек муниципалитети башкаруу тажрыйбасын алмашуу, ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу багыттарында кызматташууга ачык экенин белгиледи.
Ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, делегациялардын өз ара сапарлары аркылуу тажрыйба алмашуу маселелери да каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум даярдоо мүмкүнчүлүгүн талкуулап, бул документ келечектеги кызматташтыкты бекемдөөгө негиз боло аларын белгилешти.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстан менен Албаниянын шаарларынын ортосунда расмий өнөктөштүк жок, бул багытта жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат.