Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн транспорт министрлеринин 9-жолугушуусу өттү. Жыйын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин төрагалыгы алдында уюштурулган.
Аталган министрликтен билдиришкендей, жолугушууда ТМУ өлкөлөрүнүн транспорт тармагындагы кызматташтыгы оң нукта өнүгүп жатканы белгиленип, негизги багыт катары транспорт коридорлорун өнүктүрүү маселеси талкууланды.
Министр визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, чек аралар аркылуу жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу жана транзиттин коопсуздугун жогорулатуу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле унаа транспорту тармагында электрондук документ жүгүртүүгө өтүү процесси жүрүп жатканын билдирди.
Мындан тышкары, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун стратегиялык мааниси баса белгиленип, анын келечекте Кытай–Борбор Азия–Кавказ–Европа мультимодалдык коридоруна кошуларын айтты.
Жыйындын жыйынтыгында бирдиктүү Коммюнике кабыл алынып, ТМУ өлкөлөрүндө “e-CMR” системасын киргизүү боюнча Меморандумга кол коюлду.