Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Путин менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кремлде жолугушуу өткөрүп, Бишкек менен Москва ортосундагы эки тараптуу мамилелерди талкуулады. Бул тууралуу орус президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Орусия лидери бардык жетишилген макулдашуулар аткарылып жатканын белгилеп, эки өлкөнүн командалары активдүү иш алып барып жатканын айтты. Анын айтымында, бул кызматташуунун жыйынтыктары Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө оң таасирин тийгизүүдө.

Жапаров Москвага кыска мөөнөттүү иш сапары менен барып, Кремлде өткөн жолугушууда Кыргызстан Орусиянын стратегиялык өнөктөшү жана негизги союздашы экенин белгиледи. Ал эки элди тарыхый достук байланыштары бириктирерин кошумчалады.

Буга чейин, өткөн айдын аягында, эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу соода-экономикалык долбоорлорду талкуулап, ошондой эле Кыргызстан төрагалык кылып жаткан Шанхай кызматташтык уюму алкагында тыгыз кызматташууну улантуу тууралуу макулдашышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан