Бул жуманын дем алыш күндөрү, тагыраагы, 25-26-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтө турган маданий, спорттук иш-чаралардын тизмесин бир топтомдо сунуштайбыз.
25-апрелдеги иш-чаралардын тизмеси
Белгилүү казакстандык комик, актёр Нурлан Сабуровдун "Контекст" стендап концерти орун алат. Иш-чара "Жаштык аренада" саат 20:00дө башталат. Билет баасы 4500 сомдон башталат. Стендап орус тилинде өтүп, 21 жаштан жогору жарандар гана кире алышат.

Кыргыз улуттук "Манас" театры жана Билим Айтыш долбоору биргеликте “Тайтору” музыкалык, драмалык жана эпикалык спектаклин көрүүчүлөргө сунуштайт. Иш-чара “Манас” театрында саат 18:00дө башталат. Кирүү акысыз.

"Кыргыз операсынын антологиясы" музыкалык кечеси Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын Малахит залында өтөт. Бул кече саат 17:00дө башталып, 1 саат 30 мүнөткө созулат. Билет наркы 300 сомдон жогору. Концерт орус тилинде өтүп, 7 жаштан жогору курактагылар көрө алышат.

Белгилүү "Tynda Music" камералык оркестринин "Игра престолов" жана "Властелин колец" саундтрек концерти Кыргыз улуттук опера жана балет театрында болот. Билет баасы 1500 сомдон башталып, 7 жаштан жогору курактагы жарандар күбө боло алышат. Иш-чара 18:30да башталып, 1 саат 30 мүнөткө созулат. Билеттерди онлайн платформалардан сатып алууга болот.


"Ооэдодайко" япониялык барабан шоусу Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт. Бул самаалык саат 19:00дө башталат. Билет наркы 700 сомдон жогору. Жаш курактык чектөө жок. Иш-чара орус тилинде болуп, 1 саат 30 мүнөткө созулат. Иш-чара Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулуп жатат.

XXI Бишкек эл аралык жаз фестивалы "Орион" отелинде орун алат. Иш-чара 18:30да башталып, билет наркы 2300 сомдон жогору. Жаш курактык чектөө 12+. Бул иш-чара 2 саатка созулат.

"Пимноккионун жыгач шаары" спектаклинин премьерасы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында коюлат. Бул Карло Коллодинин "Жыгач куурчактын окуясы" жомогунун негизинде сахналаштырылган интерактивдүү спектакль.
Билеттер 500 сомдон башталып, 3 жаштан жогору курактагы балдар көрө алышат. Спектакль саат 11:00дө башталат. Орус тилинде көрсөтүлөт.

Бишкектин "Алга" командасы "Токтогул" футбол клубу менен беттешет. Оюн "Алга" стадионунда өтүп, саат 19:30да башталат. Билет баасы 200 сом. Анда күйөрмандар үчүн көнүл ачуучу шоу программа даярдалган. Жаш курактык чектөө коюлбайт.

Сахаджа йогасы боюнча ретрит өткөрүлөт. Программада эс алуу жана стресстен арылуу ыкмалары, ички абалды тең салмактоо, Сахаджа медитация, чакралар жана алардын жашоого тийгизген таасири, баарлашуу жана маанилүү суроолорго жооп берүү каралган. Ал саат 15:30дө башталып, 18:30га чейин созулат. Кирүү акысыз. Катталуу үчүн: +996 555 00 54 95.

26-апрелге пландалган иш-чаралардын тизмеси
Хор музыкасынын кечеси Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын Малахит залында орун алат. Иш-чара саат 17:00дө башталып, орус тилинде өтөт. Билет наркы 300 сомдон башталат. Кеченин программасында чет элдик жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары бар. Концертмейстер – Нуржан Токтобекова. Кече 1 саат 30 мүнөт болот.

Орусиянын Эл артисти Сергей Маковецкийдин “Кокустан эмес жолугушуу” ("Неслучайная встреча") моноспектакли Кыргыз улттук филармониясында өтөт. Иш-чара саат 18:30да башталып, билет наркы 1700 сомду түзөт.

Кыргызстан Премьер-Лигасынын 8-турунда "Талант" менен "Дордойдун" кызыктуу беттеши орун алат. Беттеш бул күнү "Достук Арена" стадионунда саат 20:30да башталат. Билет 150 сомдон жогору. Мелдеш 90 мүнөткө созулат.

Бишкектеги Mono кофеканасында Арт кечеси өтөт. Билет баасы 990 сом. Иш-чара саат 15:00дө жана 19:00дө болот. Анда сүрөт тартуу аркылуу жан дүйнөңүзгө азык алсаңыз болот.

Борбордо 25-26-апрелде айыл чарба жарманкеси өтөт. Жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда.
Иш-чара өтүү жайларынын даректери:
