
Бишкекте Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламатттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бейтаптын 20 жаштагы уулу донор болгон. Учурда донор да, реципиент да дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары жакшы.
"Бул жетишкендик өлкөдө саламаттык сактоо тармагында жүрүп жаткан реформалардын натыйжасы. Буга чейин боор, бөйрөк жана ички органдарды алмаштыруу операциялары чет өлкөдө, ири суммадагы акча каражаттарына жасалчу. Учурда бул операциялар мамлекеттин каржылоосу менен жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин мындай оперциялар президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жеке клиникаларда жасалган.