
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу 24-апрелде "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалым болгондой, иштер 27-апрелден 30-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 116-чакырымында жана Боом капчыгайынын аймагында жүргүзүлөт.
Иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин, күндүзгү убакытта аткарылат. Жол тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.
Бул иш-чара унаа жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулууда.
Мекеме жарандардан унаа менен жолго чыгар алдында сапарын алдын ала пландап алууга чакырат.