Биз социалдык тармакта

"Депутаттар алданганы келдикпи?" Камила Талиева аткаминерди жоопкерчиликке тартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева айыл чарба министринин орун басары Рустамжан Балтабаевдин жоопкерчилиги каралышы керектигин айтты.

Бүгүн, 24-апрелдеги парламенттин "Эл үмүтү - Ата Журт" депутаттык тобунун жыйынында баяндама жасаган Балтабаев мал доктурларга окутуулар жүргүзүлгөнүн билдирди. Бирок анын айтканын отурумга катышып жаткан жеке ветеринар жокко чыгарды.

Мындан улам Талиева: "Министрдин орун басары ар бир сөзүн ойлонуп, факт менен айтыш керек да. Депутаттар бул жерге алданганы келдикпи? Алдап жатат да, калп, так эмес маалыматты айтпаш керек болчу. Сөзүнүн жалганы чыккандан кийин кызматкерге жоопкерчилик деген каралабы? Депутаттар унчукпай койсок туура эмес болот. Жоопкерчиликке тартууну сунуштайм",- деди.

Депутаттык топтун лидери Дастан Жумабеков кимисинин айтканы жалган экени териштирилерин убадалады.

"Депутаттар алданганы келдикпи?" Камила Талиева аткаминерди жоопкерчиликке тартууну сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан