Биз социалдык тармакта

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран шылуундарга 9 миллион 123 миң 470 сомун алдырып жибергенин айткан. Шектүүлөр өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырышып, жабырлануучуну коркутууга алышкан. Мындан улам ал ири суммадагы акчасын которуп жиберген.

34 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары, дагы 5 адам аныкталып, тергөө органдарына жеткирилген. Учурда алардын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан