Биз социалдык тармакта

Moriox Kids менен жылуу көз ирмемдер: Гүлназ Чыныбек кызы сапарын жыйынтыктады (видео)

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Moriox Kids тобунун бийчи балдары менен коштошуп, Кыргызстанга кайра кайтты. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүп, видео жарыялады.

"Ушуну менен сапарыбыз карып, коштошууга кезек келди. Бул сапар мен үчүн жүрөгүмдөн өзгөчө орун алды", - деп билдирүү калтырган ырчы айым.

Буга чейин Гүлназ Чыныбек кызы африкалык бийчи балдар быйыл Кыргызстанда өтө турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына конок катары чакырылганын билдирген.

Белгилей кетсек, ырчы айым бир жумага созулган Руандага болгон сапарында аталган топтун бийчи балдары менен "Аттиң ай" жана башка ырларга клип тартышкан.

Гүлназ Чыныбек кызы африкалык бийчи балдар менен коштошуп, Кыргызстанга жөнөп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан