
Агартуу министрлиги Оштун Алай районунун Мурдаш айылындагы мектепте ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда болгон түшүнбөстүктөр тууралуу маалымат берди.
Министрлик окуя 2 күн мурун, тагыраагы, 22-апрелде орун алганын белгиледи. Бул боюнча комиссия текшерүү жүргүзгөн. Анда 21-апрель күнү кечки саат 20:00–21:00 чамасында 9–10-класстын окуучулары айыл сыртында пикир келишпестиктерин чечүү максатында жолугушуу уюштурууну көздөшкөнү аныкталган. Мугалимдер окуучуларды өз учурунда үйлөрүнө таркатууга жетишишкен.
Мугалимдер ошол учурда окуучуларга анча-мынча күч колдонушкан. Эртеси ата-энелер нааразычылыгын билдирип келишкен. Жыйынтыгында аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана бир мугалимге сөгүш берилген.
Буга чейин социалдык тармактарда ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда чыккан жаңжал чагылдырылган видео тараган болчу.