Биз социалдык тармакта

Тажрыйбалуу дарыгерлер 75 миң сом маяна алышат

Президенттин администрациясынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков апрелден тарта жогорулатылган эмгек акынын негизинде айрым дарыгерлер 75 миң сом алышарын билдирди.

"Шаарда иштеген башталгыч дарыгердин айлыгы болжолду 17 миң сом болсо, эми 42 миңдин тегерегинде болот. Тоолуу аймакта иштеген, 30 жылдан ашык стажы бар тажрыйбалуу дарыгер мурда болжол менен 52 миң сом алса, апрелден тартып анын айлыгы 91 миң сомдун тегерегине жетет. Колуна болжол менен 75 миң алат. Жыйынтыгында, дарыгерлердин айлыгы 40 миң сомдон 90 миң сомго чейин жогорулатылды", - деп жазды ал Facebook баракчасына.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан