Биз социалдык тармакта

Бирөөнү уулдары менен чогуу сабашкан... Аламүдүндө бейбаштыкка шектелгендер кармалышты

Аламүдүн районунда бейбаштыкка шектелип 29, 37 жана 40 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Васильевка айылында 38 жаштагы жаранды 2 уулу менен бирге ур-токмокко алышкан. Жабырлануучунун Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын таш менен ургулашып, мүлктүк дагы зыян келтиришкен.
Текшерүүдө арыздануучунун эки баласы жеңил жаракат алышканы жана унаасына 154 миң 600 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан