"Евразия" соода борборуна бомба коюлганы тууралуу атайылап жалган маалымат берген деген шек менен Ж.У. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик агенттиги билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал кылмышын жашыруу жана анонимдүүлүктү сактоо үчүн башка SIM-карталар менен ачылган аккаунддар аркылуу мессенжерлерге жалган маалымат тараткан. Ал башка SIM-карталарга катталган акаунддарды Telegram мессежериндеги каналдарынан сатып алган.
УКМК шектүү мыйзамсыз аракетин укук коргоо органдары кандай реакция кылышарына кызыгып жасаганын белгиледи.