Биз социалдык тармакта

ИИМде онлайн форматта коллегиялык отурум болду

Бүгүн, 24-апрелде Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусунда онлайн форматта коллегиялык отурум өткөрүлдү.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, ага ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков, министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары катышкан.

Анда 3 айдагы ички иштер органдарынын ыкчам кызматтык ишмердигинин жыйынтыктары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун абалы жана уюштуруу иш-чаралары, кызматтык тартипти сактоо, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо жана колдонуу фактыларын алдын алуу жөнүндө, ошондой эле башка актуалдуу маселелер каралган.

Отурумда жол кыймылынын коопсуздугу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, жол кырсыктарын азайтуу боюнча бир катар тапшырмалар берилген. Анын ичинде унааны мас абалында башкаргандарга карата күчөтүлгөн жазалар, жол тыгындарын азайтуу жана айдоочулардын маданиятын жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү белгиленген.

Улан Ниязбеков милиция кызматкерлеринин кызматтык тартиби, мыйзамдуулукту сактоолору боюнча маселе көтөрүп, ар бир жетекчиге бул багытта иштерди күчөтүү зарылдыгын эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан