Биз социалдык тармакта

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылды

Бишкек шаарында 245 унаага ылайыкталган жер астындагы кабаты менен көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылды. Бул тууралуу 24-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине мэр Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Беш кабаттан турган унаа токтотуучу жай Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан. Ал тургундар жана шаар коноктору үчүн унаа токтотуучу жайларды камсыз кылуу жана короолорго болгон жүктү азайтуу максатын көздөйт.

Ошондой эле имараттын чатырында спорттук инфраструктура жайгашкан. Анда коопсуз жабдуусу бар үч теннис корту курулган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан