Эки жыл мурда Кыргызстанда биринчи жолу “Яндекс Goнун” Тамак сервиси ишин баштаган. “Яндекс Кыргызстандын” башкы директору Тилек Сулайманов “Европа Плюс” радиосунда маалымат берип, ошондон бери сервисте кандай өзгөрүүлөр болгонун, “Дүкөндөр”, “Кайда баруу керек?” деген сыяктуу жаңы функциялар жана кыргызстандыктардын эң көп буйрутма берген сүйүктүү тамак-ашы тууралуу ою менен бөлүштү.
- Мурда тамак-аш буйрутма берип көрбөгөндөр үчүн маекти баштайлы: “Тамак” сервиси кантип иштейт? Негизи бул өзүнчө тиркеме эмес, Яндекс Goнун бир бөлүгү, туурабы?”
- “Ооба, туура. Биздин “Яндекс Go” супераппта “Тамак” жана “Дүкөндөр” баскычтары бар. Бул сервис тыгындарда отурбай же ресторандарда кезек күтпөй, үйүңүзгө даяр тамактарды же азык-түлүктөрдү буйрутма менен алуугажардам берет. Мисалы, эгер сиз жумуштан кийин чарчап, тамактангыңыз келсе, буйрутмабересиз жана орточо эсеп менен 30 мүнөттүн ичинде ысык кечки тамак дасторкондо болот. Же мисалы, дүкөндөн азык-түлүк же башка товар керек болсо: аларды да түз эле эшиктин оозуна чейин буйрутма кыла аласыз.
- Сервис 2024-жылдын жазында гана ишке киргизилген болсо, баары кандай өзгөрдү азыр?
- Мен үчүн бул өзгөчө дата, анткени мен бул ишкантип башталганын, ага чейин кандай болгонун баарын эстеп жүрөм. Ал кезде тиркемеде болгону 20 гана ресторан жана бир гана шаар — Бишкек бар болчу. Азыр бизде 1000ге жакын өнөктөш бар жана алар Кыргызстандын беш шаарында: Бишкек, Ош, Манас, Каракол жана Кантта иштеп жатат. Бул платформа адамдарга күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүгө, курьерлердин кирешесин көбөйтүүгө жана ресторан-дүкөндөргө көбүрөөк буйрутма алууга жардам берип жатат.
- Биздин өлкөдө буга чейин массалык негизде тамак буйрутма кылуу болбогондугун эске алганда, жаңы сервисти ишке киргизүү кыйын болдубу?
- Бул окуя абдан кызыктуу, анткени ал кезде көпчүлүк адамдар тез жеткирүү деген эмне экенин да билишкен эмес эле. Бирок биз ыңгайлуу ыкмалар адамдын адаттарын кандайча өзгөртө аларын көрүп турабыз. Бүгүнкү күндө кыргыз жарандарынын 54% дан ашыгы – өлкө калкынын жарымынан көбү — жок дегенде бир жолу буйрутма бериптир. Мына ушундан деле жыйынтык чыгарсак болот, деп ойлойм.
- Кыргызстандыктар көбүнчө эмнеге буйрутма беришет? Эң мыкты тамактын топтомуна кайсылар кирет?
- Бизде көбүнчө улуттук ашкананы абдан жакшы көрүшөт. Топтомго — босо лагман, самса жана эң кызыгы тандоолордун катарында картошка фри бар. Бирок биз өзүбүздү ушуну менен гана чектебейбиз. Бизде ресторан өнөктөштөрүнүн чоң тизмеси, тиешелүү тандоонун түрү баржана биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз тынымсыз кеңейип жатат.
- Жетекчи катары сиз, сервистин кызматынан өзүңүз да колдонсоңуз керек. Көбүнчө эмнеге буйрутма кыласыз?
- Албетте колдоном! Менимче, кызматты түптөп, бирок аны өзү колдонбой коюга болбойт. Биринчи кезекте өзүң үчүн продукт түзүшүңүз керек. Мен активдүү колдонуучумун: балдарым пицца менен бургерлерди жакшы көргөндүктөн, көбүнчө ушуларга буйрутма берем. Ошондой эле улуттук суусундуктарды абдан жакшы көрөбүз. Мындан сырткары, үйгө азык-түлүк жана тиричилик химиялык заттарын үзгүлтүксүз буйрутма кылып турабыз. Бул абдан ыңгайлуу.
- Демек, “Тамак” азыр: азык-түлүктөн дары-дармекке чейин, чөнтөктөгү чыныгы гипермаркетке айланып калган экен да?
- Ооба, тиркеме азыр 12 категорияны сунуштайт, жада калса майрамга карата - гүлдөрдү же майрамдык белектерди тандоого болот. Бирок биз андан да ары барып, оффлайн сценарий түздүк. Колдонмодо азыр “Кайда баруу керек”деген гид-бөлүм пайда болду. Биз колдонуучуларга кайсы ресторанга баруукеректигин, жеке тандоого жардам беребиз. Анда сүрөттөмөлөр, сунуштар жана сын-пикирлер менен 500гө жакын мекеме бар. Дагы бир маанилүү кошумча: “Тамак” бөлүмүндө “Яндекс Плюска” жазылуу жеткиликтүү болуп калды. Эгер ал сизде бар болсо, жеткирүү кызматы акысыз жүргүзүлөт.
- Эми курьерлер жөнүндө сүйлөшөлү — булкишилер жок, сервисти элестетүү кыйын. Акыркы эки жылда алар үчүн эмне өзгөрдү?
- 2025-жылдын сентябрь айынан бери Яндекс Кыргызстан курьерлер үчүн салык агенти болуп калды. Эми биз алар үчүн салык кызматына өзүбүз отчет берип, киреше салыгын (1%) жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн (1%) которуп турабыз. Мындан сырткары өткөн жылы биз атайын электр велосипеддердин партиясын киргиздик. Алар атайын жеткирүү ишин мүмкүн болушунча ыңгайлуу, жеңил жана коопсуз кылууга багытталып, Яндекс Goнунөнөктөш-курьерлери үчүн иштелип чыккан.
- Жакынкы аралыкта колдонуучуларды эмне менен кубантып, таң калтырайын деп турасыздар?
- Биз аймактык деңгээлде кеңейүүнү жана жаңы колдонмо ичиндеги сценарийди түзүүнү пландап жатабыз. Жалпысынан алганда, биздин негизги миссиябыз - ар бир колдонуучунун күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүү. Азыр биз ушуну менен алектенип жатабыз жана заманбап технологияларды жана ар кандай AI-агенттерин киргизүү менен муну ого бетер жакшыртабыз. Биз сервисти мындан ары да жакшырта бермекчибиз.
- Акырында, бүгүн кызматтын экинчи жылдыгынын урматына жалпы Кыргызстандыктарга эмне деп, айтат элеңиз?
- Биринчиден, курьерлерге чоң рахматайтмакчымын. Бул адамдар биздин сервисти түптөштү. Биз менен иштешүүнү тандаган, буйрутмаларды чогултуп, даамдуу тамактарды даярдаган ресторандарга жана дүкөндөргө да чоң рахмат атмакчымын. Анан албетте, колдонуучуларыбызга көрсөткөн ишенимиүчүн терең раазычылык билдирем! Биз өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп, коомубузду колдоп жана кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдетүү үчүн мындан ары да талыкпай иштей беребиз.