Биз социалдык тармакта

Дүйшөмбү шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук маселелери талкууланды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Дүйшөмбү шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга ошондой эле Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.
Анда аймактык жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү жаатындагы өз ара кызматташууну кеңейтүү жөнүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды.
Катчылар Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар жана алардын Борбордук Азиядагы аймактык коопсуздукка тийгизген таасири тууралуу тынчсызданууларын да билдиришти. Мындан тышкары Борбордук Азияда транспорт жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы өз ара кызматташууну чыңдоо боюнча пикирлер алмашылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан