Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин командасы Алматыдагы эл аралык шахмат турниринде күч сынашты

Алматы шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын шахмат боюнча ачык кубогу өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин курама командасы да катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирге катышкан кыргыз делегациясынын курамында депутаттар Жумабек Салымбеков, Уланбек Жаанбаев, Бекмурза Эргешов, Дастан Бекешев жана Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери болду.

Иш-чара спорттук мелдештен тышкары парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого шарт түзүп, катышуучулардын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө багытталды.

Белгилей кетсек, КМШ ПААнын шахмат боюнча ачык кубогу интеллектуалдык спортту жайылтуу жана мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында туруктуу өткөрүлүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан