Биз социалдык тармакта

“Ала-Тоо” депутаттык тобу Ош шаарындагы социалдык объектилер менен таанышты

“Ала-Тоо” депутаттык тобунун мүчөлөрү Ош шаарына иш сапары менен барып, бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен жеринде таанышышты. Делегацияга шаар мэри Жанарбек Акаев жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берүүдө.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө эл өкүлдөрү алгач “Өзгүр” суу тазалоо бекетине барып, шаарды таза суу менен камсыз кылуу багытындагы иштерди көрүштү. Маалыматка ылайык, учурда абоненттердин саны 300 миңге жакындап, 600 чакырым суу түтүгүнүн 100 чакырымы жаңыланган. Калган бөлүгүн оңдоо үчүн кошумча каржы талап кылынары белгиленип, маселе Жогорку Кеңештин кароосуна коюлары айтылды.

Мындан тышкары депутаттар Аскар Шакиров көчөсүндөгү скверде көчөт отургузууга катышышты. Шаар бийлиги жашылдандыруу иштери мындан ары да улантыларын билдирди.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Нышанов атындагы мектеп-гимназиясына 450 орундуу жаңы окуу корпусу курулары маалым болду. Учурда мектепте 3 миңге жакын окуучу билим алып, класстарда окуучулардын саны 30–40ка чейин жетүүдө. Жаңы корпус окуу шарттарын жакшыртып, жүктөмдү азайтууга багытталат.

Белгиленгендей, курулуш жакынкы күндөрү башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Быйыл шаарда кошумча 17 билим берүү мекемесин куруу пландалып, жаңы окуу жылына пайдаланууга берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан