Биз социалдык тармакта

Төрага Марлен Маматалиев Ак-Суу районундагы социалдык объектилер менен таанышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарынын Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары Ак-Суу районунда уланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Курбу айылында 100 балага ылайыкташкан жаңы бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү. Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 82,5 миллион сомго жакын каражат жумшалган.

Төрага ошондой эле Жаңы-Арык айылында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышып, бул багыттагы долбоорлорду өлкө боюнча кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Завод ишке берилсе, күнүнө 600 тонна таштандыны кайра иштетип, энергия өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылды.

Андан соң депутаттар райондук оорукананын иши менен таанышып, медициналык мекеменин инфраструктурасын жаңылоо зарылдыгы көтөрүлдү. Натыйжада 120 орундуу жаңы оорукана куруу жана кошумча рентген жабдуусун орнотуу маселеси белгиленди.

Иш сапар жыйынтыгында А. Атабаев атындагы Маданият үйүндө жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда жол, суу, мектеп, бала бакча, медицина жана жайыт маселелери көтөрүлүп, депутаттар ар бир маселе көңүл сыртында калбай турганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан