Биз социалдык тармакта

Стамбулда Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды

Стамбул шаарында энергетика, электр жарыктандыруу жана акылдуу технологиялар багытындагы “ELES Istanbul Expo 2026” эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында “Түрк мамлекеттери менен экономикалык кызматташтык: Экспорт жана инвестициялар” темасында панелдик жыйын өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун вице-консулу Эсен Алмасбеков катышып, өлкөнүн инвестициялык жана энергетикалык потенциалы тууралуу маалымат берди.

Жыйын учурунда Кыргызстандагы энергетика тармагынын мүмкүнчүлүктөрү, калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү багытындагы перспективалар жана чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар кеңири тааныштырылды.

Иш-чарага Түркия жана башка түрк мамлекеттеринен келген мамлекеттик органдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Көргөзмөдө энергетика жана акылдуу технологиялар тармагындагы 200дөн ашуун компания өз инновациялык өнүмдөрүн сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан