Биз социалдык тармакта

Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт

28-апрель күнү саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, суу өчүрүү турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле социалдык жана өндүрүш объектилерине тиешелүү болот.

Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт: Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК жана Саадаев көчөлөрү.

Ошондой эле төмөнкү конуштарда суу болбойт: Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик жана Салам-Алик.

Суу өчүрүү “Северный” суу топтомосунда диаметри 400 мм болгон бурама тээктерди алмаштыруу боюнча авариялык оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

“Бишкексууканал” ишканасы жарандардан түшүнүү менен мамиле кылууну суранып, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан