Ош шаарында мектеп окуучулары арасында “Дени сак окуучу” аттуу спорттук мелдеш уюштурулду. Иш-чара А. Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо өткөрүлдү. бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул спорттук иш-чарага шаардагы 57 мектептен келген 900гө жакын окуучу катышып, ар кандай спорттук таймаштарда күч сынашты.
Иш-чаранын негизги максаты жаш муунду сергек жашоого үндөө, спортко кызыгууну арттыруу жана окуучулардын ден соолугун чыңдоо экени айтылды. Катышуучулар командалык жана жеке таймаштарда өз чеберчиликтерин көрсөтүп, достукту жана ынтымакты бекемдөөгө салым кошушту.
Мелдештин жыйынтыгында мыкты көрсөткүчкө жетишкен окуучулар жана командалар шаардык мэрия тарабынан дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты.