Биз социалдык тармакта

АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнүн жаңы жагдайлары айтылды

Америкалык делегация сүйлөшүүлөр үчүн Пакистанга барууну пландап жатат, бирок Иран тарап иш жүзүндө жолугушууга катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирет.

Ак үйдүн маалыматына ылайык, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф америкалык лидердин күйөө баласы Жаред Кушнер менен бирге 25-апрелде Пакистанга барып, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк. Ошол эле учурда Тегеран америкалык тарап менен жолугушуу пландалбай жатканын билдирди.

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Иранда дагы эле Вашингтон менен келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. «Тегеран салмактуу тандоо жасоого мүмкүнчүлүгү бар экенин билет. Бул үчүн өзөктүк куралдан баш тартуу зарыл», - деген ал.

Болжолдонгон сүйлөшүүлөрдүн алдында Ирандын тышкы иштер министри Исламабадга келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан