Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп Шакир Маматов дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.
Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол койду. Жаңы жетекчи кечээ, 24-апрелде жамаатка тааныштырылды.
Өмүр баяны:
Шакир Маматов 1968-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Пүлгөн айылында туулган.
Билими:
1989-1996-жылдары Хазрети Али медресесинде илим алган, адистиги: имам-хатиб жана мударрис;
2003-2016-жылдары Эл аралык инновациялык технологиялар университети, адистиги: уюмдун менеджменти (багыттар боюнча).
1986-1988-жж. Москва шаарында Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек тажрыйбасы:
1996-1997-жылдарыХазрети Али медресесинин мудариси;
1997-1999-жылдары Молдо Мухтар мечитинин имамы;
1999-2000-жылдары Кадамжай районунун баш имам-хатиби;
2002-2005-жылдары Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы;
2002-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү;
2005-жылы Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары;
2005- 2006-жылдары Баткен облусунун мусулмандарынын казысы.
2006-2010-жылдары Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы;
2010-2012-жылдары Ош шаарынын мусулмандарынын казысы;
2012-2013-жылдары Баткен облусунун мусулмандарынын казысы;
2013-2014-жылдары Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы;
2013-2022-жылдары "Идеал Травел" туристтик агенттигинин жетекчиси;
2022-2026-жылдары Бишкек шаарынын казысы (муфтийдин ордо калаадагы өкүлү);
2026-жылдын февраль айынан тарта ордо калаадагы Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин имам-хатиби болуп эмгектенип келген.
Билген тилдери:
Кыргыз, араб, орус, өзбек, казак
Үй-бүлөлүк абалы:
2уул, 4 кыздын атасы