Курулуш министри Нурдан Орунтаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, 100 миң сомдун тегерегинде айлык аларын айтты.
"Орун басарларым 70-80 миң сомдун тегерегинде айлык алышат. Ал эми чарбалык эсепте жайгашкан департаменттердин кызматкери 70 миң сомдун тегерегинде маяна алат", - деди министр.
Ошондой эле Орунтаев азыркы учурда 20-25 миң сомдук айлыкка эч ким келбей турганын айтып, маянаны көбөйтүү кадрларды тартуу жана курулуштун сапатын жакшыртуу ыкмасы экенин белгиледи.
Видео: Спутник.кж