Кыргызстандын аймагында бүгүн, 25-апрелде саат 10:05те күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдирди.
Маалыматка ылайык, анын очогу Ак-Кудук айылында 14 чакырым түндүк-чыгышта, Нарын шаарынан 53 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашкан.
Ак-Кудук айылында 3,5 балл, 8-Март, Кадыраалы, Шоро, Сары-Иймек айылдарында 3 балл, Кара-Ой, Учкун, Куланак, Достук айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.