Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева казакстандык "Уақыт Көрсетеді" каналына маек берип жатып, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча пикирин билдирди.
Депутат журналисттин "Камчыбек Ташиев эмнеден улам кызматтан кетти?" деген суроосуна жооп берип жатып, мамлекеттик төңкөрүш даярдалып жатканы себеп болгонун белгиледи.
"Президент айкөл киши экен. Мүмкүн, эл алдында капа болгонун же кейигенин ачыкка чыгара албай жатат. Бирок ал кишиге кыйын. Өмүрлүк досу аны кызматтан кетирем деп аракет кылышып, ошол кадамдары үчүн ал Камчыбек Ташиевди жумуштан алганы негизги себеп", - деген депутат.