Ички иштер министрлиги жарандарды адамдардын ар-намысына шек келтирген, кемсинткен билдирүүлөргө жана аракеттерге, ошондой эле улуттар аралык кастыкты козуткан көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырат.
Ага ылайык, мекемелерде жарандарды басмырлоочу жазууларды жана жарыяларды жайгаштырууга жол берилбейт.
Министрлик эскерткендей, улуттар аралык ынтымакты, коомдук тартипти жана жарандардын укуктарын бузууга багытталган ар кандай аракеттер өлкө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.