Биз социалдык тармакта

Филармонияда бомба коюлду деген маалымат тараткан шектүү кармалды

Бишкекте филармониянын имаратында жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткан делип 19 жаштагы жаран кармалды.

Ленин райондук милиция кабарлагандай, шектүү жалган маалыматты 25-апрелде тараткан.

Тийиштүү издөө жана текшерүү иш-чараларында маалымат тастыкталган жок. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 19 жаштагы Я.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.


Филармонияда бомба бар деген жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан