Баткен районунда жубайлардын бири бычакталып, экинчиси асынган абалда табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Окуя бүгүн, 26-апрелде Чоң-Гара айылында катталган. Алдын ала маалымат боюнча, тургун аялын өлтүрүп, андан соң өзүнө кол салганы айтылууда.
Каза болгондор 45 жана 46 жашта болгон. Үй-бүлөдө 5 бала бар, алардын үчөө – мектеп окуучусу.
Учурда милиция окуянын жагдайларын тактап, тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүүдө.