
Кытайдын Хефей шаарында 24-26-апрель күндөрү байдарка жана каноэде сүзүү боюнча Азия чемпиондугу өттү.
Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Эрлан Султангазиев спорттун байдарка-жекелик түрү боюнча 200 метр аралыкка жарышып, күмүш медаль тагынды.
"Бул ири мелдешке Азиянын 19 өлкөсүнөн барган спортчулар катышты. Кыргызстандын атынан Эрлан Султангазиев, Родион Туйгунов жана Рысбек Төлөмүшев өлкө намысын коргошту. Команданы башкы машыктыруучу Олег Роганов жетектеди",- деп белгиленген маалыматта.