Кыргызстандык белгилүү модель жана блогер Аскат Осмонов үйлөндү. Анын жубайы казак кызы Данэль Даулетжан Алматы шаарында кыз узатуу тоюн өткөрдү. Бул тууралуу модель өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан билдирип, видео бөлүштү.
"Жылуулук, сүйүү, бактылуу көз ирмемедер менен коштолгон, көптөн күткөн кыз узатуу тоюбуз дагы өттү",- деп билдирди Осмонов.
Белгилей кетсек, Данэль Даулетжан казакстандык модель жана блогер. Жубайлар көп убакыттан бери кыз-жигит мамилесинде болушкан.