Биз социалдык тармакта

Баткен облусунда түн ичинде жер титирөө катталды

Бүгүн, 27-апрелге караган түнү саат 02:30 чамасында Баткен облусунун аймагында жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн очогу Баткен шаарынан түштүк-чыгыш тарапка 62 чакырым, ал эми Коргон айылынан 21 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Маалыматка караганда, Коргон айылында жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин сезилген.

Учурдагы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан