Биз социалдык тармакта

Көк бөрү федерациясынын башчысы кызматтан кетти

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын жетекчиси Акылбек Эшимов кызматтан өз каалоосу менен кеткени тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарап жатат.

Анда айтылгандай, жакын арада уюмга жаңы жетекчи шайланары күтүлүүдө. Азырынча кызматтан кетүүнүн себептери так айтылган жок.

Эске салсак, 2025-жылдын декабрь айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан федерациянын мурдагы президенти Рамис Жунусалиев ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал өзүн коопсуздук органдарындагы байланышы бар катары көрсөтүп, текшерүүлөрдөн коргоо шылтоосу менен 390 миң доллар алган деп айтылган.

2026-жылдын февраль айынын башында Акылбек Эшимов федерациянын башчысы болуп шайланган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан